Израиль Палестинага жаңы кол салуусун баштаганы турабы?

Израилдин коргоо министри Авигдор Либерман, Израилдин «Маариф» гезити өткөргөн жыйналышта сүйлөгөн сөзүндө Хамас менен келишим түзүү мүмкүн болбогонун айтты.

1069440
Израиль Палестинага жаңы кол салуусун баштаганы турабы?

Израилдин коргоо министри Авигдор Либерман, Хамас кыймылына ок атпоону кабыл алдырыш үчүн Газага эң оор аскердик чабуулду ишке ашырыш керектигин айтып чыкты.

Авигдор Либерман, Израилдин «Маариф» гезити өткөргөн жыйналышта сүйлөгөн сөзүндө Хамас менен келишим түзүү мүмкүн болбогонун айтты.

Хамастын ок атышпоо шарттарын Израиль кабыл албай турганын айткан Либерман: «Анткени бул шарттар Газа чек арасына коюлган бардык чектөөлөрдүн жоюлушун камтыйт»,-деди.

Бул шарттарда эч качан келишим түзүлбөй турганын баса белгилеген Либерман, Газа тилкесине карай жаңы кол салуунун белгисин берип, «Хамастын ок атпоону жалгыз оор кол салуудан кийин кабыл ала турганын» алдыга койду.

Хамаска карай коркутуучу маалыматтарын уланткан Либерман, буларга токтолду: «Хамас кыймылына ок атпоону кабыл алдырыш үчүн Газага эң оор аскердик чабуулду ишке ашырыш керек. Ушул алкакта бул кагылышуу түшүнүгүн берсе дагы оор сокку урушубуз керек».

Израилдин акыркы 10 жылдагы эң кандуу кол салуусу 2014-жылдын 7-июлунда башталган «Коргоочу сызык операциясы» болгон.

Газага кургактыктан жана абадан жүргүзүлгөн 51 күнгө созулган кол салууларда 551и баладан турган 2158 палестиналык шейит болгон, 11 миңден ашууну жаракат алган.

Кол салуунун натыйжасында Газа тилкесинде чоң кыйроо болуп, инфраструктура жарактан чыккан.

Израилдин 2012-жылдын 14-ноябрында баштаган жана 8 күнгө созулган «Булут устуну операциясы» деп аталган кол салууларда 174 палестиналык шейит болгон, 15 Израиль аскери каза тапкан.

2008-жылы 27-декабрда башталган жана 2009-жылдын 18-январында соңуна чыккан «Куюлган коргошун операциясында» Израиль 1436 палестиналыкты шейит кылган, 5400 палестиналыкты жаралаган.



Тектеш кабарлар