Орусия Евфрат дарыясынын чыгышындагы ЙПГ/ПКК түзүмүнөн тынчсызданганын жарыялады

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова,жумалык маалымат жыйынында Евфрат дарыясынын чыгышындагы абалдарга сереп салды.

1066474
Орусия Евфрат дарыясынын чыгышындагы ЙПГ/ПКК түзүмүнөн тынчсызданганын жарыялады

Орусия, жикчил террор уюму ЙПГ/ПККнын АКШдан алган колдоосу менен автономиялуу башкарууну түзүү аракеттеринен улам Евфрат дарыясынын чыгышындагы абалга санааркаганын жарыялады.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, АКШнын жикчил террор уюму ЙПГ/ПКК элементтерине көрсөткөн колдоосу менен автономиялуу башкаруу түзүү аракеттеринен улам «Орусиянын Евфраттын чыгышындагы абалга санааркап жатканын» билдирди.

Захарова, жумалык маалымат жыйынында Евфрат дарыясынын чыгышындагы абалдарга сереп салды.

«Евфраттын чыгыш жээгиндеги абал барган сайын тынчты алуучу абалга келүүдө»,-деп айткан Захарова, америкалыктардын бул аймактагы түзүм менен шериктеш абалында экенине шилтеме кылды.

Сириядагы учурдагы конституцияга баш ийбеген айрым башкаруу түзүү аракеттеринин натыйжа бербей турганын түшүндүргөн Захарова: «Ушундай жарым мамлекет курулуусу, күрт эмес калктарды, арабдарды, сүрянилерди жана түркмөндөрдү тынчсыздандырат»,-деди.

Катчы Захарова, аймак калкынын АКШ тарабынан текшерилген жергиликтүү коопсуздук кызматкерлеринин өзүм билемдигине ыраазы эместигин айтты.



Тектеш кабарлар