АКШда "Майкл" борошосу

«Майкл» тропикалык борошосунун күчүнүн саатына 120 километрге жеткендиги билдирилди.

1065011
АКШда "Майкл" борошосу

АКШнын түштүк батышына жакындап келе жаткан «Майкл» борошосунан улам Флорида аймагынын кээ бир аймактары үчүн чукул абал жарыяланып, бир аймак үчүн эвакуация чечими чыгарылды.

АКШ улуттук борошо борборунан берилген маалыматта мурунку күнү Кариб деңизинде башталган «Майкл» тропикалык борошосунун күчүнүн саатына 120 километрге жеткендиги жана 1 -  категориядагы борошо деңгээлине чыккандыгы билдирилди.

Бүгүн 3 -  категорияга жогорулай тургандыгы болжолдолгон борошонун эртең Флорида жээктерине барышы күтүлүп жаткандыгы билдирилди.

Флорида губернатору  Рик Скотт да өткөргөн пресс – жыйынында аймактын жээгиндеги 26 райондо чукул абал жарыялангандыгын билдирди. Скотт : «Бул борошо коркунучтуу. Баары даяр болсун»,- деди.

 



Тектеш кабарлар