Лавров менен Зарифтин телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Лавров жана Зарифтин энергетика тармагындагы кызматташтыктагы маселелерди сүйлөшкөндөрү билдирилди.

1064761
Лавров менен Зарифтин телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ирандык кесиптеши Жевад Зариф менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Лавров жана Зарифтин энергетика тармагындагы кызматташуу маселелерин сүйлөшкөндөрү билдирилди. Маалыматта эки министрдин актуалдуу эл аралык жана аймактык темаларда да пикир алышууларда болгондугу белгиленди.

Өткөн жумада орус нефть фирмасы Лукоил АКШнын Иранга карата санкциясынын айынан Тегерандан нефть алууну токтоткон.

Дүйнөнүн эң чоң нефть жана жаратылыш газ фирмаларынан болгон Лукоил глобалдык нефть өндүрүшүнүн 2 пайызга жакынын  аткарууда. АКШ башкаруусунун Ирандын нефть соодасын бутага алган экинчи баскычтагы санкцияларынын 5 -  ноябрда ишке кириши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар