Нидерландия Орусияны кибердик чабуул менен күнөөлөдү

Нидерландиянын коргоо министри Анк Бижлевелд,Химиялык куралдарга тыюу салуу уюмуна карай кибердик чабуул киришүүсүнө бөгөт коюлганын жарыялады...

1063375
Нидерландия Орусияны кибердик чабуул менен күнөөлөдү

Нидерландиянын коргоо министри Анк Бижлевелд, апрель айында Орусиянын чалгындоо кызматынын Химиялык куралдарга тыюу салуу уюмуна карай кибердик чабуул киришүүсүнө бөгөт коюлганын жарыялады...

Министр Бижлевелд, кибердик кол салуу аракетин кылгандардын дипломатиялык документтер менен өлкөгө кирген Орусиянын чалгындоо кызматынын 4 кызматкери экенин айтты. Бул Орусиянын тыңчыларынын өлкөдөн чыгарылганына басым жасады.

Нидерландиянын Аскердик чалгындоо жана коопсуздук кызматынын (MIVD) башкы директору Онно Айчелшейм дагы, Орусиянын чалгындоо кызматынын  кызматкерлеринин жанында алып жүргөн буюмдары конфискация кылынганын маалымдады.

Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Нидерландиянын айтымдарына каршылык көрсөттү.

Жазуу түрүндөгү жарыясында Орусияга каршы мурдатан даярдалган жаңы терс пропаганда акциясы башталганын жактады.

Англия өкмөтү дагы Орусиянын аскердик чалгындоосун түздөн-түз күнөөлөп Кремлдин буйругу менен дүйнө жүзүндө кибердик чабуулдарды жүргүзгөнүн кыйытты.

Англиянын Коргоо министри, орус тыңчылардын кибердик чабуулдарды уюштурган учурунда өлкөдөн чыгарыла тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар