АКШ жана НАТОдон Орусияга эскертүү

АКШнын коргоо министри Жеймс Маттис Орусиянын орто аралыктагы ядролук күчтөр боюнча келишимин бузгандыгын сынга алды.

1062927
АКШ жана НАТОдон Орусияга эскертүү

АКШнын коргоо министри Жеймс Маттис Орусиянын орто аралыктагы ядролук күчтөр боюнча келишимин бузушунун «чыдагыс» экендигин жана АКШнын буга  жооп бериши керектигин айтты.

Жеймс Маттис Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТО штабында өткөрүлгөн коргоо министрлеринин жыйынынын акырында басма сөзгө маалымат берди. Маттис : «Орусия Орточо аралыктуу атомдук күчтөр келишимине баш ийүүгө мажбур. Антепесе АКШнын буга жооп бериши керек. Орусия бул келишимге баш ийбей жатат жана буга баш ийүүнүн убактысы келди»,- деди.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг да бул тууралу кечээ бир маалымат берди. «Орточо аралыктуу атомдук күчтөр келишиминин бузулушуна олуттуу карап жатабыз. Орусияны олуттуу түрдө келишимге баш ийүүгө чакырабыз»,- деп Москва башкаруусун сынга алды.



Тектеш кабарлар