Индонезиядагы жер титирөөнүн кесепеттери

Индонезиянын Сулавеси аралындагы жер титирөөнүн кесепеттери.

1059550
Индонезиядагы жер титирөөнүн кесепеттери

Индонезиянын Сулавеси аралында жума күнү болгон жер титирөө жана аны улай келген цунаминин айынан каза болгондордун саны 1203 кишиге жетти.

Улуттук Апаат агенттиги  башкармалыгынын басма сөз катчысы Сутопо Пурво Нугрохо, Палу шаарында 821 жана Донгла шаарында болсо 11 кишинин каза болгонунун маалыматына жеткендердин  жарыялады.

Нугрохо, байланыш багыттарынын толугу менен оңдолбогонун, ушул себептен аймактын   жалпысы менен толук байланыш кура албагандарын айтты.

Аймакта инфраструктура бузулуп жана жер көчкүсүнүн себебинен уранды астында калгандарга жетүү кыйын болуп жатат.

Вице-президент Юсуф Калла, акыркы жан жоготуу саны миңдерге жете турганын жарыялады.

Аймакта электр энергиясынын үзгүлтүккө учуроосу уланганын айткан жооптуу кызматкер, күйүүчү май, азык-түлүк жана өзгөчө ичиле турган суу табылбай жатканын маалымдады.

Президент Йоко Видодо, Борбордук Сулави провинциясына барып иликтөө жүргүздү.

Жер титирөө жана цунаминин таасиринин Донгаланын чөйрөсүндө 13, Палунун чөйрөсүндө 8 отурукташкан аймакта сезилгени жана бардыгы 2,4 миллион кишинин апааттан таасир алганы божомолдонууда.

Президент Видодо, издөө-куткаруу иш-аракттерине колдоо көрсөтүү максатында, аймакка аскердик бөлүк жөнөтүлүшүнө буйрук берип, жер титирөөгө тийиштүү бардык бөлүмдөрдүн иш-аракет кылышы менен аймакта курч кырдаал абал жарыяланды.

 

 


Этикеткалар: #Сулавеси аралында

Тектеш кабарлар