Непалдагы селдерде 117 киши каза тапты
Акыркы 5 айда болгон сел жана жер көчүлөрдөн 2 миң 200гө жакын үй - бүлөнүн таасирленгендиги белгиленди.
1058097
Непалда акыркы 5 айда катуу жамгыр жаашы жол ачкан селдерде 117 киши каза болду.
Непал басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда ички иштер министрлигинин улуттук чукул абалдар операциясы борборунан берилген маалыматта өлкөдө апрель айынан сентябрь айына чейин катуу жамгыр жаашы жол ачкан селдерде эң аз 117 кишинин каза болгондугу жана 183 кишинин жаралангандыгы билдирилди.
Маалыматта бул мезгилде 310дон ашуун жер көчкү жана 80ден ашуун сел болгондугу маалымдалды.
Акыркы 5 айда болгон сел жана жер көчүлөрдөн 2 миң 200гө жакын үй - бүлөнүн таасирленгендиги белгиленди.