Майк Помпеодон Түндүк Корея тууралуу маалымат

Помпео БУУнун мүчөлөрүнөн санкцияларга сый көрсөтүүлөрүн суранды.

1058627
Майк Помпеодон Түндүк Корея тууралуу маалымат

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Түндүк Корея менен карым  - катнаштарда дүйнөнүн жаңы бир бет ачкандыгын бирок эл аралык санкциялардын улантылышы керектигин белгиледи.

Майк Помпео АКШнын Нью – Йорк шаарында БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө АКШнын президенти Дональд Трамптын Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен өткөргөн дипломатиялык кыймыл менен жакында Түндүк Кореядагы атомдук коркунуч жок боло турган жерге келгендигин айтты.

Бир тараптан Помпео : «Түндүк Корея атомдук куралдардан тазаланганга чейин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин өлкө тууралуу бардык чечимдерин толугу менен ишке ашыруу биздин абдан маанилүү орток жоопкерчилигибиз»,- деди.

АКШнын Түндүк Кореяга нефть экспортун жана көмүр экспортун чектеген санкциялардын бузулгандыгына байланыштуу далилдердин бар экендигин белгилеген Помпео БУУнун мүчөлөрүнөн санкцияларга сый көрсөтүүлөрүн суранды.

Помпео Пхеньян башкаруусунун атомдук курал программасын акырына чыгаруу үчүн дипломатиялык жолду жүргүзө турган болсо Түндүк Корея калкын дагы жакыш келечектин күтүп жаткандыгын айтты.



Тектеш кабарлар