АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео келерки айда Түндүк Кореяга барат
Трамп өткөн жумада Ким Чен Ындын талабы боюнча экинчи жолугушуунун болорун белгилеп бирок күн жана жолугушуу өтө турган жер тууралуу маалымат берген эмес.
![АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео келерки айда Түндүк Кореяга барат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b71c/e78c/f176/5bac7f55e29f1.jpg?time=1718750298)
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун келерки айда Түндүк Кореяга барары жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушары билдирилди.
Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хизер Науэрт тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта мамлекеттик катчы Помпеонун Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ри Йонг Ху менен Нью - Йоркто жолугушкандыгы жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Помпеону Пхеньянга чакыргандыгы белгиленди.
Маалыматта : «Мамлекеттик катчы Помпео лидер Кимдин келерки айда Пхеньянда жолугушуу чакыруусун Сингапур саммитиндеги убадалардын ишке ашырылышына карата алдыга жылуу экендигин, Түндүк Корея тарабынан берилген атомдук куралдардын жок кылуу убадасы жана президент Дональд Трам менен Ким Чен Ындын ортосундагы экинчи саммитке даярдануу үчүн кабыл алды»,- деп билдирилди.
Трамп өткөн жумада Ким Чен Ындын талабы боюнча экинчи жолугушуунун болорун белгилеп бирок күн жана жолугушуу өтө турган жер тууралуу маалымат берген эмес.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718750299)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.