Путин менен Нетаньяху телефон аркылуу сүйлөштү

Орус Ил-20 аскердик учагы 17 -сентябрда Сирия режимине таандык С- 200 абадан коргонуу системасы тарабынан атып түшүрүлгөн.

1056401
Путин менен Нетаньяху телефон аркылуу сүйлөштү

Орусиянын президенти В. Путин Сирияда өткөн жумада атып түшүрүлгөн орус учагына байланыштуу : «Орус тарабы трагедиянын негизги себебин  Израиль аба күчтөрүнө таандык кыймыл экендиги чындыгына таянуу менен кыймыл кылып жатат»,- деди.

Кремлден берилген маалыматта В. Путиндин Израилдин премьер- министри Беньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгү билдирилди. Маалыматта Нетаньяхунун атып түшүрүлгөн орус Ил- 20 учагында каза болгон аскерлер үчүн кайрадан көңүл айткандыгы жана сүйлөшүүдө окуянын талкууга алынгандыгы билдирилди.

Путин өзгөчө эл аралык террор менен күрөшкөн орус аскерлеринин өмүрүнө карата потенциалдуу коркутууларга тоскоол болуу максатында Сирия абадан коргонуусунун аскердик жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү чечимин чыгарышкандарын баса белгиледи.

Орус Ил-20 аскердик учагы 17 -сентябрда Сирия режимине таандык С- 200 абадан коргонуу системасы тарабынан атып түшүрүлгөн. Орусия Израилге таандык Ф-16лардын бул учакты калкан катары колдонушунан улам Ил- 20 учагынын ракеталарга дуушар болгондугун ортого салган.

Израиль аба күчтөрү командири Амиком Норкин жана коштоосундагы делегация орус башкаруусун көндүрүү үчүн жуманын ичинде Москвада жолугушууларды өткөргөн.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу кечээИл- 20 учагынын атып түшүрүлүшү тууралуу эки жуманын ичинде Сирияга С- 300 абадан коргонуу ракета системасынын берилерин билдирген болчу.



Тектеш кабарлар