Иран бир күндүк аза күтүү жарыялады
Иран - Ирак согушунун 38 жылдыгынан улам өткөрүлгөн аскердик жүрүшкө жасалган куралдуу кол салууда 25 киши каза болуп алардын ичинен 17 киши аскер болгон жана 60 киши жараланган.
![Иран бир күндүк аза күтүү жарыялады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6a16/c601/d0f9/5b9cf2739eead.jpg?time=1718735523)
Ирандын министрлер кеңеши Хузистан аймагына караштуу Ахваздагы террордук кол салуудан улам өлкөдө бүгүн бир күндүк жалпы аза күтүү жарыялады.
Иран президенттигинен берилген маалыматта ишемби күнү Ахваз шаарында болгон террордук кол салуудан улам Жалпы Кеңештин өлкөдө бир күндүк аза күтүү жарыялагандыгы белгиленди.
Маалыматта окуяда каза болгондордун бүгүн өткөрүлө турган салтанат менен жерге берилери белгиленип, каза болгондордун жакындарына көңүл айтылды.
Ирандын Хузистан аймагына караштуу жана араптар көп жашаган Ахваз шаарында мурунку күнү Иран - Ирак согушунун 38 жылдыгынан улам өткөрүлгөн аскердик жүрүшкө жасалган куралдуу кол салууда 25 киши каза болуп алардын ичинен 17 киши аскер болгон жана 60 киши жараланган.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718735524)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.