ЙПГ/ПКК террор уюму Сирияда жарандарды барымтага алууда

ЙПГ/ПКК террордук уюму Эл-Куббе райондук борборунун кириш жана чыгыштарын жаап, көчөлөрүндө көп сандаган оор куралчан террористтер жүрөт.

1054176
ЙПГ/ПКК террор уюму Сирияда жарандарды барымтага алууда

Жикчил террор уюму ЙПГ/ПКК, Сирияда басып алган аймактарда жарандарга карай укук бузууларын улантууда.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда ЙПГ/ПКК, Айнулараб (Кобани) районуна караштуу Эл-Куббе райондук борбору жана ал борборго караштуу 10 айылда көчөгө чыгууга тыюу салуу киргизди.

ЙПГ/ПКК террордук уюму Эл-Куббе райондук борборунун кириш жана чыгыштарын жаап, көчөлөрүндө көп сандаган оор куралчан террористтер жүрөт.

Эл-Куббе жана айылдарындагы үйлөрдү басып кирген террор мүчөлөрү, акыркы 2 күндө 3 аялды жана 23 жаш эркекти Эркин Сирия армиясы менен кызматташкандыгы боюнча күнөөлөп барымтага алды.

Террор уюму жарандарды бүгүн эркин кое берди.

Булактар, арабдар жыш жашаган райондук борбордогу жарандардын үйлөрүн басып кирген террор уюмунун мүчөлөрү үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрүн сабап, чөнтөк телефондорун, алтын жана баалуу буюмдарын тартып алганын билдирди.

Эл-Куббе райондук борбору террор уюмунун сүргүн жана басып алуу саясаттарына каршы чыккан араб райондорунан бири катары белгилүү.

Анадолу агенттигинин картадан аянтты өлчөгөнүнө караганда Сириянын территориясынын орто эсеп менен 28 пайызы ЙПГ/ПККнын басып алуусу астында турат.



Тектеш кабарлар