АКШнын фирмасы Сирияда террордук уюм менен кызматташууда

АКШнын террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүү шылтоосу менен колдонгон фирманын Сирияда фельдшердик, аскердик медициналык жана согуштук машыгууларды өткөргөнү белгилүү.

1053594
АКШнын фирмасы Сирияда террордук уюм менен кызматташууда

Эл аралык аскердик кызматтар базарында ишин жүргүзгөн Американын фирмасы Castle Internationalдын жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ менен келишим түзгөнү ачыкка чыкты.

Келишим текстинде, ЙПГнын «узун мөөнөттүү келишимдик макулдашуу үчүн Castle International менен аскердик медициналык жардам жана тылдык темалардагы адистик тармагында жакын карым-катнаш» түзүүнү каалаганы белгиленген.

АКШнын террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүү шылтоосу менен колдонгон фирманын Сирияда фельдшердик, аскердик медициналык жана согуштук машыгууларды өткөргөнү белгилүү.

Сирияда ЙПГ/ПККга көрсөткөн колдоосу тууралуу бир топ документ жана фотосүрөт, фирманын интернет барагында жана социалдык медиа барактарында ачык көрүнүп турат.

Фирманын кызматкери экени түшүнүктүү болгон кишилердин, террор уюмунун символдорун тагып жүргөн кишилер менен бир нече жолку фотосүрөтү дагы социалдык медиа барактарында орун алды.

«Таңкы сабак» маалымдоосу менен бөлүшүлгөн фотосүрөттөрдүн биринде, бир бөлмөдө куралдарын койгон уюмдун мүчөлөрү машыктырылганы байкалып турат.

Башка бир фотосүрөттө террор уюмунун символдору тагылган кийимдерди кийген куралчан аялдар менен америкалык фирманын кызматкери экени божомолдонгон кишилер сүрөткө түшкөн.



Тектеш кабарлар