Түштүк жана Түндүк Корея лидерлеринин убадасы

Мун Чжэ Ин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын тынчтык үчүн биргелешкен аракеттерди улантууга убада беришти.

1052536
Түштүк жана Түндүк Корея лидерлеринин убадасы

Түндүк Кореянын борбор шаары Пхеньянда жолугушкан Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чжэ Ин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын тынчтык үчүн биргелешкен аракеттерди улантууга убада беришти.

«Йонхап» агенттигинин кабарына караганда Мун менен Ким саммит сүйлөшүүлөрүнүн биринчи күнүнөн кийин кечки сый тамакта жолугушту.

Эки лидер кыйынчылыктарга жана потенциалдуу маселелерге карабастан тынчтык жана бейкуттук үчүн бирдикте аракет кылууну улантуу боюнча сөз кылышты.

Ким Чен Ын менен өткөрө турган саммит жана 3 күндүк сапардын негизинде кечээ Пхеньянга барган Мун Чжэ Ин Корея жарым аралынын атомдук куралдардан толугу менен тазаланышы жана тынчтыктын түзүлүшүнүн маанилүү күн тартип беренеси экендигин айтты.

Түндүк Кореянын лидери Ким менен араларында ишеним жана достук карым- катнашынын бар экендигин белгилеген Мун : «Тынчтык жана атомдук куралдарды жок кылуу процесси жаңы башталды. Эч кимдин тажрыйбасы болбогон келечекти кура алабыз»,- деди.

Сый тамакта сөз сүйлөгөн Ким да Мун менен жолугушуусунун Кореялар арасындагы карым- катнаштар жана тынчтыкка байланыштуу бурулуш жери болгон абалдарды иликтеген Корея калкы үчүн «тарыхый бир мүмкүнчүлүк» болорун айтты.

Мун менен 27-апрелде чек арадагы Панмунджом айылында өткөргөн жолугушууда барылган келишимге кайрылган Ким Чен Ын : «Мен жана Мун Чжэ Ин Панмунджом декларациясы тууралуу түрдүү темаларды ачык түрдө колго алабыз»,- деди.

Эки лидердин жолугушуунун экинчи баскычы үчүн бүгүн кайрадан жолугушуусу күтүлүүдө.

Мун менен Ким апрель айында өткөн тарыхый саммиттен кийин 26 -майда да жолугушуп жана өлкөлөрүнүн ортосундагы тынчтык процессин карап чыгышкан.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 12 -июлда Сингапурда жолугушуп, саммиттен кийин эки лидер Түндүк Кореянын атомдук куралдардан тазаланышы тууралуу келишим түзүшкөн.



Тектеш кабарлар