Түрк Агымы Венгрияга чейин барышы мүмкүн

В. Путин курулушу улантылып жаткан Түрк Агымы жаратылыш газ түтүк жолунун Венгрияга чейин барышы мүмкүн экендигин айтты.

1052825
Түрк Агымы  Венгрияга чейин барышы мүмкүн

Орусиянын президенти В. Путин курулушу улантылып жаткан Түрк Агымы жаратылыш газ түтүк жолунун Венгрияга чейин барышы мүмкүн экендигин айтты.

Венгриянын премьер  - министри Виктор Орбан менен Москвада өткөргөн сүйлөшүүдөн кийин өткөргөн пресс  - жыйында сөз сүйлөгөн Путин : «Орус газы Венгрия жерлеринен өтүп, Европага барат. Венгер жерлериндеги жер астындагы сактоочу жерлери талап эң жогорку деңгээлге чыккан мезиглдерде да европалык керектөөчүлөргө ишенимдүү жана үзгүлтүксүз газ өткөрүлүүсүнө мүмкүнчүүк түзүүдө. Венгер өнөктөштөрүбүздү орус газын Европага ташыган жаңы багыттарга кошуу мүмкүнчүлүктөрү каралууда.

Түрк Агымы бүткөндөн кийин бул жолдун бир бөлүгүнүн Венгриядан өтө аларын ыктымалдар тышында карай албайм»,- деди.

Энергетиканын эки өлкө ортосундагы кызматташуунун маанилүү бир тармагы болгондугун белгилеген Путин Орусиянын Венгрия керектеген нефтинин 75 пайызынан, газдын да 60 пайызынан ашыкчасын өткөргөндүгүн баса белгиледи.

Орбан  2019 -  жылы акырына чыга турган азыркы келишимди 2020 – жылына узартуу тууралуу Путин менен келишим түзүшкөндөрүн айтты. Венгер премьер - министр : «Путиндин айтканындай Венгриянын түштүк аймагынан Венгрияга чейин курулган газ жолунун жерибизден өтүшүн каалаганыбыз сыр эмес. Бул Венгрия үчүн мыкты мүмкүнчүлүк болот. Урматтуу президентибизден муну ойлонушун талап кылдым»,- деди.

Түрк Агымында газ агымынын 2019 -  жылы декабрь айында башталышы күтүлүүдө.

Түтүк жолунун деңиздеги бөлүгү Орусиянын Анапа шаарынан Түркиянын Кыйыкөй аймагына чейин Кара деңизде 930 километрдик жол боюнча кетет.

Долбоордун деңиз бөлүмүнүн курулушу, орус фирмасы Газпромдун 100 пайызы South Stream Transport B.V. фирмасы тарабынан ишке ашырылууда.



Тектеш кабарлар