Катар Британиядан учак алат

Британиядан Катарга "24 Тайфун" аскердик учагы менен 9 Hawk машыгуу учагынын сатылышын күткөн келишим ишке кирди.

1052686
Катар Британиядан учак алат

 

Британиянын коргоо министрлигинен берилген маалыматта Катар менен декабрь айында борбор шаар Дохада кол коюлган "24 Тайфун" моделиндеги аскердик учак сатуу келишиминин , 9 Hawk машыктыруучу учагынын да кошулушу менен ишке киргендиги билдирилди.

Коргоо министри Гавин Уиллиамсон даберген маалыматында ыраазычылыгын билдирип : «Бул келишим англис коргонуу өнөр жайына чоң жардам болгондой эле Британия менен Катардын орток маселелерине жооп берүүдө, аймактагы ырааттуулукту жана Британия ичиндеги коопсуздукту түзүүдө да маанилүү болот»,- деди.

2022 -жылы учактардын тапшырылышы максат кылынып, катардык учкучтар жана жерде кызмат кылган кызматкерлерден турган бир группанын Линкольншир аймагындагы Coningsby аба базасында билим алары билдирилди. Бул келишим менен Катар Британиядан Тайфун аскердик учагын алган 9 -өлкө болду.

 



Тектеш кабарлар