АКШ менен Орусиянын БУУдагы кайым айтышуулары

БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга багытталган БУУнун санкцияларын бузгандыгы себебеби менен АКШнын талабы боюнча чогулду.

1051563
АКШ менен Орусиянын БУУдагы кайым айтышуулары

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли, Орусияны Түндүк Кореяга багытталган БУУнун санкцияларын «систематикалык түрдө бузуу» жана «бузууларын жаап жашыруу» айыбы менен күнөөлөдү.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга багытталган БУУнун санкцияларын бузгандыгы себебеби менен АКШнын талабы боюнча чогулду.

Түндүк Кореяга багытталган санкциялардын жумшартылышын талап кылган Орусияга катуу сындоолорду айткан Хейли: «Түндүк Кореянын санкцияларына 11 жолу колдоо көрсөткөн Орусия эми эмне үчүн баш тартпай жатат? Жообун билебиз, анткени Орусия жасакерлик кылып жатат жана кармалды. Бир гана жолу эмес, Орусиянын бузуулары систематикалык түрдө жасалган»,-деди.

Орусияны керек болсо өзүнүн, керек болсо башка өлкөлөр тарабынан жасалган бузууларды жаап жашырганы менен күнөөлөгөн Хейли: «АКШнын колунда Орусиянын санкцияларды тынымсыз бузгандыгы боюнча далилдер бар»,-деп айтты.

Хейли, Орусияны айрыкча Түндүк Кореянын санкцияларын текшерген көз карандысыз адистер даярдаган отчетто өзгөртүү жасалышы үчүн делегацияга кысым көрсөткөнү менен күнөөлөдү.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензия болсо, Кеңештеги сөз сүйлөөсүндө АКШлык кесиптеши Никки Хейлинин Орусиянын Түндүк Кореяга багытталган санкцияларды бузганы жөнөндөгү күнөөлөөлөрүн четке какты.

Орусиянын Түндүк Кореяга багытталган санкцияларды текшерген көз карандысыз адистер даярдаган отчетто өзгөртүү жасалышы үчүн делегацияга кысым көрсөткөнү жөнүндөгү айтымдарын да төгүнгө чыгаргандарын жана АКШдан отчет тууралуу дагы көп маалымат талап кылгандарына карабастан талаптарына жооп ала албагандарын белгилеген Небензия: «Ким эл аралык коомчулукту алдоого жана жасакерлик кылууга аракет кылыптыр? Отчетту даярдаган адистер Вашингтон көз карашынын туткундары»,-деп жооп берди.

АКШнын Түндүк Кореянын ядролук кыралсызданышу үчүн Пхеньян менен эки тараптуу жолугушууларды өткөргөнүнө да токтолгон Небензия: «Түндүк Кореядан ядролук куралсыздануусуна жооп иретинде бош сөздөрдү кабыл алуусу талап кылынууда. Сүйлөшүү процесси эки багыттуу көчө сыяктуу. Талаптарыңызга жооп иретинде эч нерсе сунуштабасаңыз, келишимге жетишүү мүмкүн болбойт. Санкциялар дипломатиянын ордун ээлей албайт»,деген серебин салды.

Кытайлык өкүл Ма Чжаосю болсо ракета сыноолорун токтотуп АКШ менен диалог курган Түндүк Кореяга карай санкциялардын жеңилдетилиши талабына колдоо көрсөттү.



Тектеш кабарлар