АКШ качкындар квотасын азайтууда

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео өлкөсүнүн келерки финансылык жылы үчүн кабыл ала турган качкын квотасын 30 миңге түшүрөрүн билдирди.

1051865
АКШ качкындар квотасын азайтууда

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео өлкөсүнүн келерки финансылык жылы үчүн кабыл ала турган качкын квотасын 30 миңге түшүрөрүн билдирди.

Помпеонун билдирүүсүнө караганда бул жылы жалпы 45 миң качкынды кабыл алган АКШ келерки финансылык жылдын ичинде бул санды 15 миң кишиге дагы азайтуу менен 30 миңге түшүрөт.

Маалыматта белгиленген качкын квотасынын 1980 -  жылдан бери кабыл алынган эң төмөнкү качкын саны болору тууралуу маалымат бөлүшүлдү. Адистер  АКШга киришине уруксат бериле турган качкын санынын Помпео билдирген сандан да аз болорун билдиришүүдө.

Мурунку президент Барак Обама мезгилинде АКШ 2015 -  жылы 1 -  октябрда башталган финансылык жылдын ичинде өлкөгө 85 мик качкын алууга убада кылган бирок жылдын акырында бул сан 22 миңден аз болгон.

 



Тектеш кабарлар