Түштүк Кореянын президенти Түндүк Кореяга барат

Түштүк Кореянын мамлекет башчылыгынын баш катчысы Им Чон-сеок, Мундун эртең баштала турган 3 күндүк Түндүк Корея сапарынын алдында басма сөзгө маалымат берди.

1051052
Түштүк Кореянын президенти Түндүк Кореяга барат

Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чжэ Ин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын эртең өткөрүлүшү пландалган жолугушуусунда Корея жарым аралынын ядролук куралдардан тазаланышынын жолдору каралат.

Йонхап агенттигинин кабарына караганда Түштүк Кореянын мамлекет башчылыгынын баш катчысы Им Чон-сеок, Мундун эртең баштала турган 3 күндүк Түндүк Корея сапарынын алдында басма сөзгө берген маалыматында, жолугушууда Корея жарым аралындагы ядролук куралдардын жок кылынышына байланыштуу темалардын карала турганын белгиледи.

Им Чон-сеок, «Кыска мөөнөт мурдагысына дейре ядролук куралдардын жок кылынышы, Түндүк Корея жана АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн күн тартип беренеси болгон. Эми ядролук куралдардын жоюлушу корейлердин ортосундагы саммиттин негизги темасы»,-деди.

Бул теманын жумушчу топтор деңгээлиндеги жыйналыштарда каралышынан кандайдыр бир натыйжа чыкпай турганына белги берген Им Чон-сеок, лидерлердин ортосундагы жолугушуунун маанисине токтолду.

Мундун Түндүк Корея сапарынын негизги 3 күн тартип беренесине багытталганын баса белгилеген Им Чон-сеок, булардан алгачкысынын Кореялардын ортосундагы карым-катнаштарды өнүктүрүү, экинчисинин Корей жарым аралынын ядролук куралдардан тазаланышы темасына байланыштуу Түндүк Корея-АКШ сүйлөшүүлөрүнө арачылык кылуу жана шыктандыруу, үчүнчүсүнүн да аскердик чыңалууларды азайтуу жана согуш коркунучун соңуна чыгаруу экенин айтты.

Түштүк Кореянын мамлекет башчысынын эртең эртең менен учак менен Түндүк Кореянын борбор шаары Пхеньянга барышы күтүлүүдө.

Им Чон-сеок, эки лидердин ортосунда өткөрүлүшү пландалган эң аз эки жолугушуунун эртең кечинде жана шаршемби күнү ишке ашырылышынын күтүлгөнүн баяндады.

Лидерлердин ортосунда 18-20-сентябрь күндөрүндө өткөрүлүшү пландалган саммиттин алдында Түштүк Кореядан өкмөт жооптуулары, технологияга тийиштүү кызматкер жана журналисттерден турган 93 кишилик баштапкы топ, кечээ көпчүлүгү тылдык болуп даярдыктарды жасаш үчүн 19 автобус менен Түндүк Кореяга барган.

Мун жана Ким, апрель айында болгон тарыхый саммиттен кийин 26-майда да жолуккан жана өлкөлөрүнүн ортосундагы тынчтык процессин карап чыгышкан. Эки лидердин бул аптада 2018-жылдагы үчүнчү бетме-бет жолугушууну өткөрүшү пландалууда.



Тектеш кабарлар