Германиянын Келн шаарында 10 ми4деген киши митингге чыгышты

Митингде Греманиянын ички иштер министри Хорст Зеехоферге каршылык көрсөтүлдү.

1050757
Германиянын Келн шаарында 10 ми4деген киши митингге чыгышты

Германиянын Келн шаарында жолугушкан миңдеген киши расизмге каршы митингге чыгышты. Cityofhope Cologne коому уюштурган митинг үчүн тарыхый Келн соборунун алдында чогулган 10 миңге жакын киши расизмге каршы ураандар менен Хеймаркт аянтына карай жүрүштү.

Көп сандаган профсоюз жана коом да колдоо берген митингде жакынкы убакта : «Миграция бардык маселелердин башталышы»,- деген Греманиянын ички иштер министри Хорст Зеехоферге каршылык көрсөтүлдү.

Расизмге каршы ураандар менен жүргөн кээ бир митингчилер Зеехофердин сүрөтү тартылган «Менин ички иштер министрим эмес» деп жазылган валюталарды алып жүрүштү.

Саясий партиялардын өкүлдөрү, профсоюздар жана Келндын таанымал жүздөрү катышкан митинг музыка уктуруудан кийин аяктады.



Тектеш кабарлар