Орусия Коопсуздук Кеңешинин секретары Николай Патрушев Неир Бен - Шаббат менен Москвада жолугушту
Жолугушууда 7 - сентябрда Тегеранда өткөрүлгөн саммитти карап чыгышкандары билдирилди.
1049526
Орусия Коопсуздук Кеңешинин секретары Николай Патрушев Израиль улуттук коопсуздук кеңешинин төрагасы Неир Бен - Шаббат менен Москвада жолугушту.
Орусиянын коопсуздук кеңешинен берилген маалыматта тараптардын Сирия маселесинин тегерегинде чыккан абал, Жакынкы Чыгышта ырааттуулук жана коопсуздуктун түзүлүшү, Орусия, Иран жана Түркиянын лидерлер деңгээлинде 7 - сентябрда Тегеранда өткөрүлгөн саммитти карап чыгышкандары билдирилди.
Маалыматта : «Николай Патрушев менен Неир Бен - Шаббат терроризмге каршы күрөш маселелерине өзгөчө көңүл буруп, коопсуздук тармагында Орусия - Израиль таасирдешүүсү тууралуу пикир алышышты»,- деп билдирилди.