"Флоронция" борошосу АКШда таасирин көрсөтө баштады

«Флоренция» борошосунан улам океанда пайда болгон толкундардын боюнун да 4 метрге чыгышы мүмкүн экендиги эскертилди.

1049594
"Флоронция" борошосу АКШда таасирин көрсөтө баштады
abd kasirga.jpg
abd kasirga florence.jpg

АКШ күтүп жаткан жана ишемби күнү кургактыкка келери болжолдолгон «Флоренция» борошосу жол ачкан катуу жамгыр жана шамал жээк жактарда сезиле баштады.

Улуттук борошо борборунан берилген маалыматта Түндүк жана Түштүк Каролина аймактарынын жээк бөлүктөрүндө борошо себеп болгон катуу шамал жана жамгырдын күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизгендиги белгиленди.

Шамалдын ылдамдыгы саатына 128 километрге жетиши мүмкүн экендиги, «Флоренция» борошосунан улам океанда пайда болгон толкундардын боюнун да 4 метрге чыгышы мүмкүн экендиги эскертилди.

Адистер борошонун ылдамдыгынын категория 2ге түшкөндүгүнө карабастан аймактагы таасиринин азыр да чоң болушу мүмкүн экендигин болжошууда. Борошо эң көп чыгымга жол ачышы күтүлүп жаткан Түндүк Каролинадагы акыркы абал Анадолу агенттиги тарабынан тартып алынды.

Дүкөндөр менен бензин станцияларынын көпчүлүгү жабык болгон Нью Бернде адамдар азыр да ачык болгон станция жана маркеттердин алдында кезекте турушат. Шаардын бир бөлүгү океандан келген катуу толкундардан улам суу астында калып, катуу шамал жана нөшөрлөп жааган жамгыр да таасирин жогото элек.

Авто жолдордо да борошо тууралуу эскертүүлөр жазылган.

 



Тектеш кабарлар