АКШ Иранга санкцияларын кайра киргизди

Никки Хейли, Fox News  телеканалында күн тартип тууралуу суроолорго жооп берди.

1048806
АКШ Иранга санкцияларын кайра киргизди

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли, Иранга карай санкцияларды кайрадан процесске киргизгендерин эске салып, «Ушундайча Ирандын мунай затын бутага алабыз жана таасирлерин чындап эле сезе башташат»,-деди.

Никки Хейли, Fox News  телеканалында күн тартип тууралуу суроолорго жооп берди.

Трамп башкаруучулугунун Иран саясатына токтолгон жана бул өлкөгө сындоолорун жаадырган Хейли: «Иран, Сирияны кыйратты, Израилге коркунуч туудуруп жатканын көрүүдөбүз. Иран, Жакынкы Чыгышта милдеттендирүү согуштарын жүргүзүүдө жана булардын баарын көргөн соң Иран менен атомдук келишимден баш тарттык. Анткени Иранга акча агызып жатканбыз жана бул жаман мамилелерин улантууларына уруксат берип жатканбыз. Санкцияларды кайра алып келдик. Ушундайча Ирандын мунай затын бутага алабыз жана таасирлерин чындап эле сезе башташат. Иран кайгыны сезүүдө, начар абалдар жана баллистикалык ракета жоопкерчилигин көргөнгө, террорго көрсөткөн колдоосун токтотконго дейре аларды муунтабыз»,-деди.

Сирияда химиялык курал колдонуу темасында болсо Сирия режимин, Орусияны жана Иранды эскерткендерин айткан Хейли, АКШнын президенти Дональд Трамптын химиялык курал колдонууга эки жолу каршылык көрсөтүп жооп кайтарганын эске салды.

Никки Хейли: «Бизди кайра сынабагыла анткени шарттар аларга каршы турат»,-деп айтты.

Трамп башкаруучулугунун Палестинанын Боштондук уюмунун Вашингтондогу кеңсесин жабуу чечимине токтолгон Хейли: «Сүйлөшүү үстөлүнө келбей турган болсо эмне үчүн Вашингтондо кеңселери болсун, эмне үчүн Палестинаны финансылоону уланталы? Бирок бул биздин тынчтык планынын үстүндө иштөөбүзгө тоскоол болбойт. Жол алуудабыз жана сүйлөшүү үстөлүнө келүүлөрүн үмүт кылуудабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар