Пакистанда көмүр шахтасында жарылуу болду
Изилдөө – куткаруу топтору 6 кишинин сөөгүн чыгарды.
1048237
Пакистандын түндүк батышындагы Кохат шаарындагы көмүр шахтасында болгон кырсыкта 6 жумушчу каза тапты. Кохат айыл өкмөтүнүн орун басары Халид Иляс шахтада газдын кысылышы менен жарылуунун чыккандыгын билдирди. Жарылуу учурунда шахтада 11 жумушчунун болгондугун айткан Иляс изилдөө – куткаруу топторунун 6 кишинин сөөгүн чыгаргандыгын айтты.
Окуяда жаралангандар дарыланууга алынып, көчкү астында калган жумушчуларды чыгаруу үчүн аракеттер улантылууда.