АКШ Иран аба мейкиндигин колдоно турган учактарын эскертти

АКШ Иран аба аянтын колдоно турган жүргүнчү учактарын аймакта болгон аскердик кыймылдуулуктардан улам этият болуу тууралуу эскертти.

1048220
АКШ Иран аба мейкиндигин колдоно турган учактарын эскертти

АКШ Иран аба аянтын колдоно турган жүргүнчү учактарын аймакта болгон аскердик кыймылдуулуктардан кылдат  болуу боюнча эскертти.

АКШнын Федералдык авиация башкаруусунун жаңыланган справочнигинде Сириядагы кагылышуулардан чыккан Иран аба аянтындагы аскердик кыймылдуулукка көңүл бурулуп, аба жолу фирмаларына «кылдат болгула» эскертүүсү берилди.

 Учактарга аба аянты тууралуу  маалымат берген Каттам кызматы бюросу учактардын Иран аба аянтын колдонууну пландап АКШ менен Ирандын ортосундагы эки тараптуу карым  - катнаштардагы начарлоого да көңүл бурулушу керектигин белгиледи.

Президент Дональд Трамптын май айында АКШ менен Ирандын ортосунда бир бурулуш жери болгон атомдук келишимден бир тараптуу чыгышы тууралуу эки өлкөнүн ортосунда келишпестик чыккан.

АКШнын тышкы иштер министрлиги жарандарына Иранга саякатка барбоону да сунуш кылды.



Тектеш кабарлар