Хорватияда эң эски быштак калдыгы табылды

Хорватиянын Далмачия аймагында дүйнөнүнүн эң эски быштагынын калдыктары экендигине ишенилген заттар табылды.

1046547
Хорватияда эң эски быштак калдыгы табылды

 Хорватиянын Далмачия аймагында дүйнөнүнүн эң эски быштагынын калдыктары экендигине ишенилген заттар табылды.

ББСнин түрк тилиндеги кабарына караганда илимпоздор быштактын 7 миң жыл мурда чыгарылгандыгын болжошууда.

Эл аралык изилдөөчүлөр болсо Покровник айылында табылган идиштердин үстүндөгү май кислотасынын быштактын калдыгы экендиги, сүзгүч сыяктуу идиштер менен быштактан  каймакты бөлүп алышкандары тууралуу көз карашта.  

Илимпоздор бул табылга менен эң эски быштак өндүрүүнүн 2 миң жыл мурун коло доорунда эмес неолиттик доордо да быштак өндүрүшкөндөрү биринчи жолу ортого чыгарылгандыгын айтышууда.

Изилдөө тобундагы доктор Клейтон Магилл, табылганын таң калтыруучу экендигин, дүйнөнүн төрт тарабынан быштак сүйүүчүлөрдүн бул тамактын теги тууралуу дагы көп маалымат үйрөнүүнү каалагандыгын белгилеп : «Сүт жана сүт азыктарын колдонуу эрте мезгилдеги дыйкандар үчүн абдан чоң мүмкүнчүлүк болгондугун билебиз. Себеби сүт, айран жана быштак калория, протеин жана майды камсыздайт»,- деди.

Пенсильвания университетинен доктор Сара МакКлюр да : «Европанын эте доордогу дыйкандардын сүт жана быштак өнүрүү менен балдардагы өлүмдү азайткандыгын айтып жатабыз. Ушунун саясында демографиялык өзгөрүүлөр, дыйканчылык кылган коомдордун түндүккө карай кетишине мүмкүнчүлүк түздү»,- деди.

Андан мурда да түрдүү изилдөөлөрдө таш доорунда быштак өндүрүүгө байланыштуу табылгалар табылып, булар жетерлик далил менен колдоого алынган эмес.



Тектеш кабарлар