АКШ ПБУ кеңсесин жабат

Дональд Трамп бийлиги, борбор шаар Вашингтондогу Палестинанын боштондук уюму (ПБУ) кеңсесин бүгүн жасай турган жарыя менен жабат.

1046336
АКШ ПБУ кеңсесин жабат

АКШда президент Дональд Трамп бийлиги, борбор шаар Вашингтондогу Палестинанын боштондук уюму (ПБУ) кеңсесин бүгүн жасай турган жарыя менен жапмакчы.

Американын «Wall Street Journal (WSJ)» гезитинде орун алган жана жогорку рангадагы Ак үйдүн кызматкерлерине таянып берилген маалыматта, маалымдоону Ак үйдүн коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон жасай турганы белгиленди.

Анда Болтондун ПБУ токтому тууралуу жарыяда колдоно турган тексттин долбоорунда орун алган сөздөргө орун берилди.

Буга караганда Болтондун: «АКШ, дос жана шериктешибиз Израиль менен ар дайым бирге турат. Палестиналыктар Израиль менен түздөн-түз жана  маанилүү сүйлөшүүнү баштоону четке кагып жатканда Трамп башкаруучулугу бул кеңсени ачык кармап тура албайт»,деген сөздөрдү айта турганы күтүлүүдө.

Болтондун жарыясында, АКШ жана Израилге каршы териштирүү баштаган учурунда Эл аралык жаза сотуна (ICC) карай санкция чечимин чыгара ала тургандарын айта турганы да белгиленди.

АКШнын президенти Дональд Трамп, мурдагы аптадагы жарыясында Палестина башкаруучулугун АКШнын арачылыгында Израиль менен жасалышы көздөлгөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышууну кабыл алганга дейре Палесинага финансылык жардам бере албай тургандарын белгилеген.

Трамп башкаруучулугу: «Кылымдын келишими» деп атаган жана Израиль-Палестина маселесин чечүүнү максатагаган пландын үстүндө иштеп жатканын жарыялаган. Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас, планды «кылымдын муштуму» деп мүнөздөгөн жана америкалык кызматкерлер менен  жолугушууну четке каккан.


Этикеткалар: #АКШда , #Палестина

Тектеш кабарлар