Түндүк Кореяда болгон селде 76 киши каза тапты

Селде  эң аз 76 кишинин каза болгондугун, 75 кишинин дайынсыз жоголгондугун билдирди.

1045251
Түндүк Кореяда болгон селде 76 киши каза тапты

Түндүк Кореяда катуу жамгыр жаашы себеп болгон селдерде 76 киши каза болду.

Эл аралык Кызыл Крест коомдору федерациясы Түндүк Кореяда акыркы 10 күндө болгон селде  эң аз 76 кишинин каза болгондугун, 75 кишинин дайынсыз жоголгондугун билдирди.

Жамгырдан эң көп таасирленген Түштүк Хванхэ жана Түштүк Пхеньян шаарларында 800дөн ашуун имараттын зыян тарткандыгы, селден миңдеген кишинин коопсуз аймактарга алып барылгандыгы, гуманитардык жардамдардын керек экендиги белгиленди.

Өлкөдө суук абанын башталышы менен үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон кишилердин ден соолукка байланыштуу маселелер менен беттешиши мүмкүн экендиги айтылууда.

2016 -  жылы Түндүк Хванхэде болгон селдерде 130дан ашуун киши каза болгон.



Тектеш кабарлар