Бразилияда президенттикке талапкерге кол салуу жасалды

Шайлоо процессинин эң талаш – тартыштуу талапкерлеринен Жаир Болсонаро расистик жана гомофобдук сөздөрүнүн айынан түрдүү каршы чыгууларга дуушар болгон.

1045208
Бразилияда президенттикке талапкерге кол салуу жасалды

Бразилияда Социал демократ партиясынын президентикке талапкери Жаир Болсонаро өлкөнүн түштүк  - чыгышындагы Минас Гераис аймагына караштуу Жуиз де Фора шаарында көкүрөгүнөн бычакталды. Болсонаронун уулу Флавио атасынын жеңил жаралангандыгын жана ооруканага жаткырылгандыгын билдирди. Кол салуудан кийин Болсонаронун жактоочуларынын кол салуучуну ташбараңга алууга аракет кылгандыгы, полициянын кол салуучуну куткарып калгандыгы белгиленди. Минас Гериас полициясы окуя тууралуу камоого алынган кол салуучунун 40 жашындагы Аделио Биспо де Оливиера экендигин билдирди.

Болсонаро мурунку мамлекет башчысы Лула да Силванын соттун чечими менн талапкер болбой тургандыгы билдирилгенден  кийин жүргүзүлгөн сурамжылоолордо экинчи фаворит болду.

Шайлоо процессинин эң талаш – тартыштуу талапкерлеринен Жаир Болсонаро расистик жана гомофобдук сөздөрүнүн айынан түрдүү каршы чыгууларга дуушар болгон.



Тектеш кабарлар