Басрадагы митингдерде сегиз киши каза тапты

Ирактын Басра шаарында жумушсуздук жана коррупцияга каршы күч алган митингдерде каза болгондордун саны сегизге чыкты

1044324
Басрадагы митингдерде сегиз киши каза тапты

Ирактын Басра шаарында жумушсуздук жана коррупцияга каршы күч алган митингдерде каза болгондордун саны сегизге чыкты.

Шаарда кечээ кечинде көчөгө чыккан бир топ митингчи коопсуздук күчтөрү түзгөн чамбарды ашып Басра муниципалитетинин имаратын өрттөштү. Басра адам укуктары комиссарлыгынын төрагасы Мехди Темими митингде коопсуздук күчтөрү аткан окто бир кишинин каза болгондугун, 25 кишинин жаралангандыгын айтты.

Митингчилер эки күн мурда Басра губернаторлук имаратына да кирип өрттөшкөн. Чыккан окуяларда 7 митингчи каза болуп, кырктан ашуун киши жараланган. Болгон окуялар боюнча Басра операциялар командирлиги шаарда көчөгө чыгууга тыюу салууну жарыялаган.



Тектеш кабарлар