Европа Биримдигинен Идлиб эскертүүсү

Могерини : «Бул күндөрдө Идлибде араздашуунун кайрадан күч алышы менен бетме- бет келип турабыз. Буга тоскоол болуу керек".

1043392
Европа Биримдигинен Идлиб эскертүүсү

 Европа Биримдигинин тышкы карым- катнаштар жана коопсуздук саясаттарынын жогорку өкүлү Федерика Могерини Сириянын Идлиб аймагына карата ыктымалдуу аскердик кол салуунун миллиондогон жарандын өмүрүн коркунучка салып, жаңы бир адамзаттык апаатка жол ачары боюнча эскертти.

БУУнун Сирия атайын өкүлү Стаффан де Мистура менен телефондо сүйлөшкөндөн кийин жазуу түрүндө маалымат берген Могерини Сирияда 7 жарым жылдан бери болуп келе жаткан согуштун миллиондогон киши үчүн абдан чоң кыйынчылыкка себеп болгондугун эске салды.

Могерини : «Бул күндөрдө Идлибде араздашуунун кайрадан күч алышы менен бетме- бет келип турабыз. Буга тоскоол болуу керек. Болбосо кол салуу чечимин чыгаргандар же буга уруксат бергендер тарых жана элдин алдына жооптуу болушат»,- деди.

Идлибде ыктымалдуу бир аскердик кол салуунун үч миллиондон ашуун жарандын өмүрүн коркунучка саларына көңүлдөрдү бурган Могерини : «Бул жаңы бир адамзаттык апаатка жол ачат»,- деди.

Европа Биримдигинин Сирияда БУУнун жол башчылыгында саясий чечүүчү жолду колдоону уланткандыгын белгилеген Могерини Астана кепилдерин жарандарды коргоо маселесине алдыңкылык берүү менен колго алууга чакырды.



Тектеш кабарлар