Ангела Меркелден Brexit тууралуу маалымат

«Бул сүйлөшүүлөрдүн ийгиликсиз болушун каалабаймын".

1043664
Ангела Меркелден Brexit тууралуу маалымат

Германиянын канцлери Ангела Меркель Британиянын Европа Биримдигинен чыгышына байланыштуу сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыгарууну ойлошкондорун белгиледи. Меркель Германиянын Франкфутр шаарында Deutsche Börse тарабынан өткөрүлгөн иш чарага катышты.

Бул жерде сөз сүйлөгөн Меркель Британиянын Европа Биримдигинен чыгуу процессине жана бул тууралуу өткөрүлгөн сүйлөшүүлөргө токтолду.

Британиянын Европа Биримдигинен чыгышынан кийин биримдиктин мүчөсү бир өлкө ээ болгон укуктардан пайдалана албай тургандыгын белгилеген Меркель : «Британия менен Европа Биримдигинен чыгуусу тууралуу бир келишим түзүү максатыбыз бар. Албетте бул максатка Европа Биримдигинин мүчөсү болбогон бир өлкөнүн Европа Биримдигине мүчө өлкө менен бирдей укук жана милдеттүүлүктөрдөн пайдаланбоо шарты менен жетүү маанилүү»,- деди.

Меркель өзгөчө сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык алууну ойлошкондорун белгилеп : «Бул сүйлөшүүлөрдүн ийгиликсиз болушун каалабаймын. Бирок ошол эле учурда муну ойлобой коюу мүмкүн эмес. Болгон күчүбүз жана жаратуучулугубуз менен жыйынтык алууга аракет кылабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар