Түштүк Корея мектептерде кофенин сатылышына тыюу салат
Korea Timesтын кабарына караганда Түштүк Кореяда 14 - сентябрдан баштап бардык башталгыч, орток мектеп жана лицейлерде кофе сатууга тыюу салынат.
![Түштүк Корея мектептерде кофенин сатылышына тыюу салат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/bb9e/ec30/a8ba/5aaa8ebfed7a7.jpeg?time=1718880485)
Korea Timesтын кабарына караганда Түштүк Кореяда 14 - сентябрдан баштап бардык башталгыч, орток мектеп жана лицейлерде кофе сатууга тыюу салынат.
Азык - түлүк жана дары - дармек коопсуздугу министрлиги мунун балдар жана жаштар үчүн туура тамактанууга көндүрүү максатында жасалгандыгын билдирди. Өзгөчө министрлик кичинекей жаштагы балдардын кофе ичишинин физиологиялык жактан жана акылына тескери таасир жаратары боюнча эскертти.
Бул мыйзам менен кофе ичүүнүн баш айлануу, уйкунун бузулушу сыяктуу тескери таасирлеринин алды тосулары баса белгиленди.
Кофе автоматтык сатуу машиналарында сатылгандыктан окуучулар менен мугалимдер сатып ала алышат.
Жаңы мыйзам бир гана окуучуларды эле эмес, мугалимдерди да камтыйт.
Өлкөдөгү мыйзам боюнча жогорку калориялуу, кофеин деңгээли жогору жана азыктандыруучу деңгээли төмөн болгон продукциялардын сатылышы чектелген болот.
Тектеш кабарлар
![Россиянын президенти Владимир Путин Вьетнамда](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/8087/bb25/775e/6673ea3f1f3ab.jpg?time=1718880485)
Россиянын президенти Владимир Путин Вьетнамда
Путинди борбор шаар Ханойдо Вьетнамдын президенти То Лам мамлекеттик салтанат менен тосуп алды.