Грузиянын президенти 28 - октябрдагы шайлоодо талапкер болбойт

Маргвелашвили Латвиянын мурунку президенти Валдис Затлерсти Тбилисидеги президенттик сарайында кабыл алды.

1041066
Грузиянын президенти 28 -  октябрдагы шайлоодо талапкер болбойт

Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили 28 -  октябрда боло турган президенттик шайлоодо талапкер болбой тургандыгын айтты.

Маргвелашвили Латвиянын мурунку президенти Валдис Затлерсти Тбилисидеги президенттик сарайында кабыл алды.

Маргвелашвили менен Затлерс андан кийин университет студенттери менен жолугушуп суроолорго жооп берди.

Маргвелашвили бул жерде сүйлөгөн сөзүндө 28 -  октябрда боло турган президенттик шайлоого байланыштуу : «Шайлоого катышпай тургандыгымды силер менен бөлүшкөн келди бирок башка жол менен өлкөбүзгө кызмат кылууну улантам»,- деди.

Грузин калкынан абдан чоң колдоо алгандыгын белгилеген Маргвелашвили калкына, үй  - бүлөсүнө жана тобуна рахмат айтып, шайлоонун акырында бийликке келе турган президенттин калктын жана өлкөнүн биримдиги үчүн аракет кылууну улантышы керектиигин айтты.

Маргвелашвили 2013 -  жылдагы шайлоодо жеңиш менен чыгып президент болуп шайланган.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар