Нетаньяхудан Сирия менен Иранга коркутуу

Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху Сирияда Асад режими жана Иранга таандык буктурмаларды бутага алуу менен коркутту.

1040251
Нетаньяхудан Сирия менен Иранга коркутуу

Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху Сирияда Асад режими жана Иранга таандык буктурмаларды бутага алуу менен коркутту.

Израиль гезити «Едиот Ахраноттун» кабарына караганда Димона атомдук реакторуна мурунку  президент Шимон Перездин атынын берилиши менен өткөрүлгөн расмий аземге катышкан Израилдин премьер- министри Нетаньяху Асад режими менен Тегеран башкаруусунун ортосунда кол коюлган аскердик кызматташтык келишими тууралуу баа берди.

Израиль менен Сириянын ортосунда эч бир келишимдин жана коркутуунун өздөрүн баш тарттырбагандыгын белгилеген Нетаньяху : «Израиль армиясы Ирандын Сирияда аскер жана өнүккөн курал системаларын жайгаштыруу аракетине каршы күчтүү жана чечкиндүү түрдө иштөөнү улантат»,- деди.

Ирандын коргоо министри Эмир Хатеми өткөн жумада Дамаскка барган жана бул жерде эки өлкөнүн ортосунда аскердик кызматташтык темасын карап чыккан келишимге кол койгон.

Ирандын жарымы расмий болгон маалымат агенттиги «Таснимдин» билдиргенине караганда Хатеми бул келишимдин ирандыктардын Сирияда болушун улантуусуна мүмкүнчүлүк түзөрүн баса белгилеген.



Тектеш кабарлар