АКШ эми Түштүк Корея менен бирге машыгууларды улантпайт

АКШнын президенти Дональд Трамп Түштүк Корея менен биргеликте аскердик машыгууларды улантуунун керек эмес экендигин айтты.

1040236
АКШ эми Түштүк Корея менен бирге машыгууларды улантпайт

АКШнын президенти Дональд Трамп Түштүк Корея менен биргеликте аскердик машыгууларды улантуунун керек эмес экендигин айтты.

Ак үйдөн берилген маалыматка караганда Трамп : «Азыркы учурда бул биргелешкен машыгууларды улантып көптөгөн акча жумшоонун мааниси жок»,- деди. Маалыматта : «Президент Трамп Түндүк Кореянын лидери менен жакындан мамиле кургандыгына ишенип жатат. Кааласа машыгууларды кайрадан баштата алат. Анда бул машыгуулар ар дайымкыдан дагы чоң болот»,- деп билдирилди. Трамптын бул маалыматты мамлекеттик катчы Майк Помпеонун Түндүк Корея сапарында атомдук куралсыздануу тууралуу жетеринче өзгөрүү болбогондугун негиз катары көрсөтүп токтотуусунан кийин бергендигине көңүл бурулууда.



Тектеш кабарлар