Греция дагы бир ФЕТӨ мүчөсүнө башпаанек укугун берди

Грециянын Мамлекеттик кеңеши козголоңчулардан Сүлейман Өзкайнакчыга башпаанек укугу таанылышына карата акыркы чечимин жарыялады.

1036233
Греция дагы бир ФЕТӨ мүчөсүнө башпаанек укугун берди

Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) козголоңчуларына кучак жайган Греция, дагы бир козголоңчуга башпаанек укугун берди.

Грециянын Мамлекеттик кеңеши козголоңчулардан Сүлейман Өзкайнакчыга башпаанек укугу таанылышына карата акыркы чечимин жарыялады.

Грециянын Мамлекеттик кеңеши Сүлейман Өзкайнакчыга берилген башпаанек укугуна өкмөттүн каршы чыгуусун четке каккан өкүм чыгарды.

Мамлекеттик кеңеши тарабынан чыгарылган чечимден кийин эми козголоңчу Өзкайнакчы үчүн саякат документи чыгартыла алат.

Грек басма сөзүнө караганда аскердик бир документте коргоого алынган козголоңчу аскерлерден дагы үчөөнө Грециянын Башпаанек штаты тарабынан башпаанек укугу таанылган.

Греция 2016-жылдын 15-июлунда төңкөрүш аракетин кылган жана бул өлкөгө качкан ФЕТӨнүн мүчөлөрү үчүн кудум эле коопсуз портко айланган абалда.



Тектеш кабарлар