Лавровдун билдирүүсү
Лавров түркиялык кесиптеши менен жолугат.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров түркиялык кесиптеши Мевлүт Чавушоглу менен жакынкы аралыкта жолугуша тургандарын билдирди.
Эки министрдин күн тартибинде Сириядагы акыркы абал жана Идлиб болот.
Түркиянын Астана процессиндеги кепил өлкөлөрдүн бири экенин эске салган Лавров, Түркия менен баш калкалоочулар темасында кызматташуунун улана турганын айтты.
Орусиянын тышкы иштер министри, АКШ менен БУУга да каршылык көрсөттү.
Сергей Лавров АКШнын Сирияда кыйратуучу кыймылдарды жасаганын белгилеп, баш калкалоочулардын өз үйлөрүнө кайтуусу жана Сириянын кайрадан курулуусу үчүн даярдалган планды четке кагып ишти татаалдаштырганын билдирди.
Лавров Бириккен Улуттар Уюмун да АКШнын кыймылдарына унчукпай калгандыгы менен күнөөлөдү.
Тектеш кабарлар
Кремль орус жарандарына Ливандан чыгып кетүүнү сунуштады
Песков Израилдин Ливанга кол салууларына байланыштуу журналисттерге билдирүү жасады.