Индия табигый кырсыктар менен алпурушууда

Өлкөдө сел жана жер көчкүлөр жүрүп кеминде 370 киши каза болду.

1035385
Индия табигый кырсыктар менен алпурушууда

Индиянын Керала штатында нөшөрлөп жааган жамгылардын себебинен сел жана жер көчкүлөр жүрүп кеминде 370 киши каза болду, 800 миң киши эвакуацияланды.

Өлкөнүн басма сөзүндөгү кабарларга караганда, катуу жамгырдын айынан суу сактагычтар жана дарыялар ташкындаган, чоң жолдор жана көпүрөлөр урап калган Кералада тик учарлар да катышкан эвакуация иштери уланып жатат.

Жооптуу кызматкерлер аймакта 12 күндөн бери нөшөрлөп жаап жаткан жамгырлардын себебинен 800 миң кишинин баш калкалоочу жайларга жайгаштырылгандыгын билдиришти.

Муссон жамгырларынан келип чыккан сел Кералага караштуу 14 аймактын 12сине терс таасирин тийгизди.

Селде миңдеген турак жай суу астында калса, 32 миң 500 гектардык талаа аянты зыянга учурады.

Индиянын жети аймагында быйыл муссон мезгилинде, селдин айынан ушул учурга чейин миңден ашуун киши каза болду.



Тектеш кабарлар