Ватикан католик кечилдерин айыптады

Ватикандын басма сөз кызматынын директору Грег Барк, жазуу түрүндөгү жарыясында, «Ватикан балага сексуалдык зомбулукту кескин түрдө айыптайт»,-деп жазды.

1034204
Ватикан католик кечилдерин айыптады

АКШнын Пенсильвания штатында жүздөгөн католик кечил, миңден ашуун балага сексуалдык зомбулук көрсөткөн.

Бул тууралуу отчетко Ватикан билдирүү жарыялап кечилдерге каршылык көрсөттү. Сексуалдык зомбулук көрсөтүү кылмыш болгонун жана ахлактык жактан айыпталышы керектигин билдирди.

Ватикандын басма сөз кызматынын директору Грег Барк, жазуу түрүндөгү жарыясында, «Ватикан балага сексуалдык зомбулукту кескин түрдө айыптайт»,-деп жазды.

Пенсильваниядагы балага сексуалдык зомбулук отчетуна шилтеме кылган Барк: «Бул коркунучтуу кылмыштар туурасында сезимдерди айта алыш үчүн болгону эки гана сөз бар, уят жана капага салат»,-деди.

«Отчетто аныкталган зомбулуктар кылмыш болуп эсептелет жана ахлактык жактан да айыпталышы керек»,-деп айткан Ватикандын жооптуу кызматкери: «Ушундай мамилелер, жабырлануучуларды ар-намыс жана ишеничтеринен кем калтырып ишенимдерине кыянаттык кылуу болуп саналат»,деп билдирди.



Тектеш кабарлар