АКШ Түркиядан ажыроону көз жаздымда калтыра албайт

АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Мэтью Брайза, Дональд Трамп башкаруучулугуна эскертүүлөрүн «Вашингтон пост» гезитине жазган макаласы менен тизмелеп берди.

1034576
АКШ Түркиядан ажыроону көз жаздымда калтыра албайт

АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Мэтью Брайза, өлкөсүнүн Түркиядан ажыроону көз жаздымда калтыра албай турганын белгиледи.

Мэтью Брайза, Дональд Трамп башкаруучулугуна эскертүүлөрүн «Вашингтон пост» гезитине жазган макаласы менен тизмелеп берди.

«АКШ Түркиядан ажыроону көз жаздымда калтыра албайт» аттуу макаласында президент Трамптын Түркияга карай кошумча салык жана санкция киргизүү чечимдерин сынга алган Мэтью Брайза: «Бул, НАТО шериктеши Түркияны максимум деңгээлде зыянга учуратууга туураланган, күтүлбөгөн жана душманча мамиле»,-деди.

Брайза, АКШнын кадамдарынын эки өлкөнүн карым-катнаштарындагы чыңалууну коркунучтуу түрдө арттырганын баса белгиледи.

АКШнын Түркия экономикасына карай чечимдерди чыгаруу менен Түркиянын шериктештигинен да баш тартканын белгиледи.

Брайза, «АКШ Түркиядан баш тартса Жакынкы Чыгыштагы таасирин жоготот, террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүү коалициясын коркунучка салат»,деп жазды.

Мэтью Брайза: «Түркия-АКШ шериктештиги Труман бийлигинен бери биздин Жакынкы Чыгыш стратегиябыздын борборунда орун алды»,-деп айтып Түркиянын маанисин баса белгиледи жана Аданадагы Инжирлик базасынын да маанилүү экенин эске салды.



Тектеш кабарлар