Орусиянын үч тараптуу жыйын боюнча билдирүүсү

Түрк, орус жана ирандык лидерлердин ортосунда үч тараптуу жыйын өтөт.

1033696
Орусиянын үч тараптуу жыйын боюнча билдирүүсү

Орусия түрк, орус жана ирандык лидерлердин ортосунда Сирия маселесинин чечилүүсүнө байланыштуу үч тараптуу жыйындын, сентябрь айынынын башында өткөрүлүшүнө карата иш аракеттердин жүрүп жатканын билдирди.

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков баш калаа Москвада журналисттерге берген маалыматында түрк, орус жана ирандык лидерлердин ортосунда Сирия меселесинин чечилүүсүнө карата Ирандын борбор шаары Тегеранда өткөрүлүшү пландалган жыйынга сереп салды.

Аты аталган жыйын боюнча иш аракеттердин уланып жатканын билдирген Песков: «Түрк, орус жана ирандык лидерлердин ортосунда Сирия кризисинин чечилүүсүнө байланыштуу үч тараптуу жыйындын сентябрь айынын башында өткөрүлүшүнө карата иштер жүрүп жатат. Жыйын тууралуу дипломатиялык каналдардын негизинде макулдашуу түзүлгөндө коомдук пикирге маалымат беребиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар