Кытайдан эки Корея саммитине колдоо

Сентябрь айында жолугушуу боло турган болсо эки лидер бул жылы үч жолу бетме  - бет жолугушкан болот.

1032668
Кытайдан эки Корея саммитине колдоо

Кытай тышкы иштер министрлигинин жетекчилери Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын келерки айда Пхеньянда лидерлер саммитин өткөрүү чечимин чыгаруусунан кубанычтуу экендири белгиленди.

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин катчысы Лю Канг берген жазуу түрүндөгү маалыматында Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын Пхеньянда келерки айда эки Кореянын ортосунда лидерлер саммитин өткөрүүгө чечим чыгарууларын ыраазычылык менен кабыл алышкандарын белгилеп, эки тараптын бул тууралуу аракеттерин колдошкондорун билдирди.

«Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын лидерлеринин Пхеньян саммитинин маселесиз өтүшүн жана ийгиликтүү жыйынтыктардын чыгышын ойлоп жатабыз»,- деген Лю бул жолугушуунун Корея жарым аралынын атомдук куралдардан тазаланышы жана саясий чечүүчү жол процессине жардам берерине ишенишкендерин айтты.

Кытайдын тышкы иштер министринин катчысы Лю эки тараптын жогорку деңгээлдеги жолугушууларын улантышын, Панмунджом декларациясынын ишке ашышын, макулдашуу жана кызматташтыкты колдошкондорун билдирди.

Эки өлкөнүн чек арасындагы Панмунджом ок атышпоо айылында мурунку күнү жолугушкан Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын жетекчилери келерки айда Пхеньянда эки Кореянын ортосунда бир саммит өткөрүү тууралуу макулдашкандарын билдирген.

Саммит өтө турган күн тууралуу маалымат берилген жок.

Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чже Ин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 27 – апрелде эки өлкөнүн чек арасындагы Панмунджом ок атышпоо айылында жолугушкан.

Саммиттин акырында жарыяланган биргелешкен билдирүүдө Корея жарым аралынын атомдук куралдардан толугу менен тазаланышы жана азыркы ок атышпоонун туруктуу тынчтык келишимине айландырылышы үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоо тууралуу келишимге барылгандыгы жарыяланган.

Мун менен Ким апрель айында өткөрүлгөн тарыхый саммиттен кийин 26 -  майда да жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык процессин карап чыгышкан.

Сентябрь айында жолугушуу боло турган болсо эки лидер бул жылы үч жолу бетме  - бет жолугушкан болот.



Тектеш кабарлар