Кытайда Африка чочко ысытмасы

ASF эпидемиясы жуккан 8 миң 116 чочко жок кылынды.

1032954
Кытайда Африка чочко ысытмасы

Кытайдын түндүк чыгышында Африка чочко ысытмасы ASF эпидемиясы жуккан 8 миң 116 чочко жок кылынды.

Кытайда «Элдин күндөлүгү» аттуу гезиттин кабарына караганда өлкөнүн түндүк чыгышындагы Лиаонинг аймагынын борбор шаары Шынянгда 3 -  августтан бери Африка чочко  ысытмасы менен ооругандыгы аныкталган 8 миң 116 чочко жок кылынды.

Аймактын жаныбарларды багуу жана ветеринардык бюросунун жаныбарлардын ооруларын алдына алуу бөлүмүнүн жетекчиси Гао Жиенжун Шынйангда эпидемия жуккан чочколорго карата керектүү чаралардын көрүлгөндүгүн жана базардагы продукциялар тууралуу тынчсыздануунун кереги жоктугун билдирди.

ASF  Кытайда биринчи жолу эки жума мурда Шынйангда 913 чочкодо аныкталган. Адамдарга жугуу өзгөчөлүгү болбогон эпидемияга каршы эч бир вакцина жок.

Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун жаныбарлардын оорулары отчетуна кошкон ASF акыркы жылдарда Орусия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндө чыккан.

Биринчи жолу 2007 -  жылы Грузияда чыккан ASF 2014 -  жылга чейин Украина, Польша жана Чехиядагы жапайы доңуздарда чыккан.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар