Эбола эпидемиясы кайрадан күч алды

2014-2017-жылдар аралыгында эпидемиянын айынан 11 миңден ашуун киши каза тапкан болчу.

1031944
Эбола эпидемиясы кайрадан күч алды

Конго Демократиялык Республикасында кайрадан башталган эбола эпидемиясынын себебинен 14 кишинин каза болгондугу такталды.

Бир тараптан Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, июль айынын аягында Түндүк Киву аймагында эболаны жугузуп алган жалпы 57 киши катталды.

Биринчи жолу 1976-жылы Конгодо башталган эбола 2013-жылдын декабрь айында Батыш Африкада кайрадан пайда болгон эле.

Гвинея, Либерия жана Сьерра-Леонеде 2014-2017-жылдар аралыгында катталган эпидемияда орто эсеп менен 30 миң кишига эбола вирусу жуккан жана 11 миңден ашуун киши каза тапкан болчу.



Тектеш кабарлар