Дүйнөлүк Соода Уюму АКШга тартабы же башка өлкөлөрдү коргойбу?

«Нью-Йорк Таймс» гезити сөз болгон чечимдердин Дүйнөлүк Соода Уюмун (ДСУ) кризиске түрткөнүн жазды.

1030956
Дүйнөлүк Соода Уюму АКШга тартабы же башка өлкөлөрдү коргойбу?

АКШнын президенти Дональд Трамптын бажы салыктары тууралуу чыгарган чечимдери соода өнөктөштөрүнө болгону сыяктуу Дүйнөлүк Соода Уюмунун да шаштысын кетирди.

«Нью-Йорк Таймс» гезити сөз болгон чечимдердин Дүйнөлүк Соода Уюмун (ДСУ) кризиске түрткөнүн жазды.

Гезиттин маалыматына караганда ДСУнун бул тема туралуу чыгара турган чечиминин кризиске алып бара турганы шек саноосу бар.

Бул санааркоонун эң маанилүү себеби болсо Трамп башкаруусуна каршы көрүлө турган чечимдин, АКШнын ДСУдан чыгуу ыктымалын ортого сала турган болушу.

Маалыматта АКШ кызыкчылыгы үчүн чыга турган чечимдин болсо, ДСУнун башка өлкөлөргө таасирин азайта турганына басым жасалды. Бул болсо сөз болгон өлкөлөрдү өзүнүн улуттук коопсуздук кызыкчылыктарын коргоого түртөт.

ДСУнун башкы директору Роберто Азеведо, тема тууралуу чечими канчалык тарапсыз болсо болсун, натыйжада бирөөлөрдү үмүтсүз кыла турганы менен эскерткен.

Трамп башкаруучулугу, соодада АКШга «адилеттүү мамиле кылынбаганын» айтып чыккан, импорттолгон болот жана алюминийден баштап көп сандаган товар үчүн кошумча бажы салыктары киргизилишин жарыялаган болчу.

Жарыялаган жогорку тарифтерге чагылышуулар келген соң ДСУга даттанылган.



Тектеш кабарлар