Иранда Ахмединежад Руханини кызматын таштоого чакырды

Ахмединежад, социалдык медиадагы барагынан жарыялаган видеолуу билдирүүсүндө өлкөнүн учурдагы абалынан элдин тынчсызданганын айтты.

1029424
Иранда Ахмединежад Руханини кызматын таштоого чакырды

Ирандын мурдагы президенти Махмуд Ахмединежад, элдин учурдагы өкмөткө ишеними калбаганын жактап, президент Хасан Руханини кызматын таштоого чакырды.

Ахмединежад, социалдык медиадагы барагынан жарыялаган видеолуу билдирүүсүндө өлкөнүн учурдагы абалынан элдин тынчсызданганын айтты.

Өлкөнүн экономикасы кыйроонун босогосунда турганын айткан Ахмединежад: «Элдин мамлекетке болгон ишеними дээрлик жокко эсе болуп калды»,-деди.

Ахмединежад, Рухани жана анын командасы бийликте турушунун Иран калкына зыян тийгизгенин жактап: «Улутту ыраазы кылуунун жалгыз жолу кызматты улантпооңор болот»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар