Ирак, АКШнын санкциясын четке какты

Ирактын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ахмет Мажуб, АКШнын Иранга киргизген санкциясын өлкөсү четке какканын маалымдады.

1029591
Ирак, АКШнын санкциясын четке какты

Ирак, АКШнын Иранга киргизген санкциясын четке какты.

Ирактын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ахмет Мажуб, жазуу түрүндөгү жарыясында, «Ирак, кайсы бир өлкөгө киргизилген жана бардык жагынан элине зыян тийгизген ар түрдүү эмбаргону четке кагат. Кризистерде бизди колдогон коңшу өлкө Ирандын сыймыктуу мамилесин да унутпайбыз»,-деп айтты.

Кайсы бир өлкөгө тийгизилген зыяндын бүтүндөй аймактын коопсуздук жана ырааттулугуна терс түрдө жайыла турганын белгилеген Мажуб: « Ирандын Ислам Республикасынын Иракка террор менен күрөшүүсүндөгү жардамын мактайбыз. Эл аралык коомчулукту АКШны аты аталган санкция чечиминен баш тартууга чакырабыз. Мунун, коңшу олдугу үчүн Ирак жана бүтүндөй аймакка экономикалык жана социалдык жактан терс таасирлеринин чоң чагылышуулары болот»,-деп айтты.

Шиит лидер Муктеда эс-Садр да бул тема тууралуу жарыясында, «АКШ, чечиминен баш тартпаса да биз элдерге зыян тийгизилишин карап тура албайбыз»,деген серебин салды.

Президенти Фуад Масум, АКШнын Иранга киргизген санкцияларга шайкеш келүүлөрүнүн кыйын боло турганын айткан.



Тектеш кабарлар