Индияда жер көчкү жүрдү
Муннар шаарынан чыга албай калган 30 туристти куткаруу иштери уланып жатат.
1029571
![Индияда жер көчкү жүрдү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/5ecf/bdd6/ab34/5b4b5657c3529.jpg?time=1718855250)
Индиянын Керала штатында катуу жамгырлар себепчи болгон жер көчкүлөрдөн каза тапкандардын саны 26га жетти.
Кераланын премьер-министри Пиняри Виджаян штатта болгон апаатка байланыштуу чукул жыйын өткөрө турганын белгиледи.
Бир тараптан Муннар шаарынан чыга албай калган 30 туристти куткаруу иштеринин улангандыгы билдирилди.
Метеорология кызматы аймакта жамгырлардын улана туранын боюнча эскертти.